super.kg logo

Казакстандын АКШдагы элчиси өз жарандарын Флорида жана Жоржиядан чыгып кетүүгө чакырды

 

Казакстандын АКШдагы элчилиги казакстандыктарды Флорида, Жорджия жана Түштүк Каролинадан тез арада башка жактарга чыгып кетүүгө чакырды. Бул чечим “Милтон” бороонунун штаттарга жакындап келе жатканы менен байланыштуу экендигин казак басылмалары жазышты.

Элчилик жарандарды жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсү менен иш алып барууга чакырган. Ошондой эле өзгөчө кырдаал жаралган учурда тез арада байланышка чыгууну тапшырды.

АКШнын улуттук урагандарды көзөмөлдөө борбору “Милтон” бороону акыркы жүз жыл аралыгындагы эң күчтүү ураган экендигин айтууда. Анын ылдамдыгы саатына 257 чакырымга жетет. Мындан улам штаттардан 5,5 миллион адам эвакуацияга чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: