Баш байге автоунаа. Баткендин 25 жылдыгына карата кыргыз күрөш боюнча мелдеш өтөт

Маалымдалгандай, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.
"70, 80, +85 килограммдык салмактагы балбандар үчүн, баш байге автоунаа. Мындан сырткары муздаткычтар, сыналгылар, тайлар коюлган. Жаш өспүрүмдөр үчүн уюштурулган күрөштүн жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган. Ошондой эле өкүлчүктүн диплом, медалдары ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, күрөш 13-октябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт. Таразага түшүү убактысы 8:30- 9:30. Мелдештин башталышы 10:00.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.