Токтогул шаарында унаа бакты сүзүп, айдоочу каза тапты
Токтогул шаарындагы жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Бул маалыматты бүгүн, 10-октябрда Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-октябрь күнү саат 06:40 чамасында болгон. Анда 19 жаштагы жаран Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулду башкара албай жолдун четиндеги бакты сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми 19 жаштагы шаар тургуну менен 25-30 жаш чамасындагы кыз оор абалда Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кайгуул кызматы учурда кыздын өздүгү такталып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.