super.kg logo

Чүйдө 78 жаштагы чоң эненин үйүнө кирип барып, ур-токмокко алган шектүү кармалды

 

Чүй облусунун Москва районунда кары аял кишини карактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-октябрда саат 11:30 чамасында Беловодское айылында болгон. Ал күнү 43 жаштагы жаран 78 жаштагы тургундун үйүнүн тосмосунан мас абалында секирип кирип, кары адамды ур-токмокко алып, анын Redmi үлгүсүндөгү телефонун тартып алган соң изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 43 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: