super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ормонов Армения, Абхазия өлкөлөрүнөн келген унаалар боюнча маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов өлкөгө Армения, Абхазиядан кирген унаалар боюнча маселе көтөрдү.

"Азыркы учурда ал унаалар үчүнчү, төртүнчү кишиге өткөн да. Бул жерде негизги күнөө Бажы кызматы менен Чек ара кызматында. Үчүнчү жак болуп сатып алган карапайым элде күнөө жок. Алар унаасын алдырып коюп жатышат. Бажы кызматы өзүнүн кызматкерлерин жазаласын. Ал унаа кантип кирди? Кантип унаа мекемесинен катталды? Чоң маселе болуп жатпайбы", - деди депутат.

Ормонов тез арада бул маселе парламенттин тийиштүү комитетинде каралышы керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: