super.kg logo

Айгерим Расул кызы 33 жашка толду. Сахна ханышасы тууралуу кызыктуу фактылар

 

Бүгүн эстрада ырчысы, "Дүйнө айымы" Айгерим Расул кызы бүгүн, 10-октябрда 33 жашка толду.
Ырчы айым түнкү он экиде "Кудайга чексиз шүгүр" деген жазуусу менен сүрөттөрүн жүктөгөн. Посттун астына жакын-санаалаштары, достору, күйөрмандары, катталуучулары куттуктоо сөздөрүн калтырышууда.

Айгерим Расул кызы 1991-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган.

Ал 3 жашынан баштап атасы Расул Маматкулов менен бирге чоң сахнага бийлеп чыга баштап, кийин жеке ырчы катары "Түнкү Бишкек" аттуу ыры менен элге таанылган. Мындан тышкары анын "Кызганамын", "Ата", "Такси", "Жолуктум" аттуу ырлары хитке айланган.

Ошондой эле ал өзүн актёрлук жактан да сынап көрүп, "Жараланган турналар", "Братандар" деген тасмаларга тартылган.

Эстрада ырчысы буга чейин Орусияда өткөн "Дүйнө айымы" сынагында баш байгени багындырган.

Белгилей кетсек, аталган сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышкан.

Учурда ырчы айым үй-бүлөлүү, жолдошу Азамат экөө 3 баланы тарбиялап жаткан учуру.

Айгерим Расул кызы чыгармачылыктын чыйыр жолунда ар дайым жаңычылдык киргизип, өзгөчө клиптерди, образдарды жаратып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: