ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты
11-12-октябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө айтылат.
Ага ылайык, бул күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү ыктымал.
13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт.
14-16-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8°, күндүз +7…+12°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +5…+10°;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +11…+16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…+5°, күндүз +3…+8°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз +1…+6°;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6°, күндүз +6…+11°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5°, күндүз +6…+11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз +2…+7°, бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин төмөндөйт.


