super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Мюнхендеги форумда ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды  

 

Бүгүн, 10-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Мюнхенге болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анда төрага Гамбургда өткөн биринчи бизнес-форумдан бери Кыргызстан менен Германиянын мамилеси чыңдалып, кызматташууну тереңдетүүгө эки тараптын кызыкчылыгы пайда болгондугун айтты. Ошондой эле өлкөнүн экономикасын көтөрүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция керек экенин белгиледи.

“Биздин президент бир нече жыл мурда инвесторлорго таптакыр жаңы мамилени түзүүнү жарыялаган. Биз талаштуу жагдайларда, биринчи кезекте, тескерисинче, далилденгенге чейин “Инвестор ар дайым туура” деген түшүнүктү карманабыз”, – деп белгиледи төрага.

Ал ошондой эле жаңы инвестициялык саясатты колдоо максатында инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес чөйрөсүн түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган ченемдик-укуктук актылардын комплекси кабыл алынганын кошумчалады.

“Инвесторлор өлкө жетекчилигине жана Министрлер кабинетине 24 саат бою күнү-түнү эркин кирип чыга алат”, – деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров германиялык ишкерлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: