super.kg logo

Бишкекте айдоочуну сабап кеткен эргул кармалды. Ага карата кылмыш иши козголгон жок

 

Бишкекте “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү унаанын ээсин сабап кеткен жаран кармалды. Бул туурасында Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жогоруда аталган унаанын ээсин ур-токмокко алган видеосу социалдык баракчаларга желдей тарап, милиция аны издөөгө алган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин тергөө кызматында каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул окуянын катышуучулары болгон «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 2002-жылы туулган Р.у.А. жана “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1988-жылы туулган К. Н. аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

Маалыматта белгиленгендей, жабырлануучу арыз берүүдөн баш тарткан.

Буга байланыштуу райондук милиция кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарып, ал эми чогултулган материалдар укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык чара көрүү үчүн протокол түзүлдү.







10.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: