super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Элдик курултайды өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын берди 

 

Бүгң, 10-октябрда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиевди жана Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: