super.kg logo

ИИМ Бишкетеги атышуунун чоо-жайы боюнча маалымат таратты (видео)

 

Бишкетеги 7-кичи районунда болгон ок атышуунун чоо-жайы белгилүү болду. Окуянын катышуучуларынын ортосунда пикир келишпестиктен бирөө каза болуп, экөө ооруканада экендигин Ички иштер министрлиги кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ы. М. менен Н.Ж. ортосунда финансылык келишпестиктер болуп, ошол себептен Ы.М., Н.Ж. жана С.Э. иштеген 7-кичи районунда жайгашкан машыгуу залына келген.

Алгачкы ыкчам тергөө иш-чараларга ылайык, Ы. М. аттуу жаран Н.Ж.нын иштеген жумушуна келип, ага өз дооматтарын койгон.

Андан кийин өзүнө катталган Сайга мергенчилик мылтыгы менен Н.Ж. аттуу жарандын курсагына ок чыгарган. Мылтыктын стволун алып салуу максатында аны менен күрөшүп кирген С.Э. аттуу жарандын бутуна да аткан.

Бул коргонуунун жүрүшүндө кол салган Ы.М. аттуу жарандын өзүнүн башына кокустан ок атылып, ошол жерден каза болгон.

Бул факт боюнча Октябрь РИИБинин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоду.

Азыркы учурда чыныгы жагдайларды аныктоого жана юридикалык баа берүүгө багытталган ыкчам тергөө иш-чаралардын топтому жүргүзүлүп жаткандыгы маалыматта белгиленет.

Ошондой эле Н.Ж. жана С.Э. дарылоо мекемесинде жатышканы, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынганы кабарда кошумчаланат.







11.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: