super.kg logo
  Саясат  

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду

 

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базарбеков өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен.

Буга чейин Базарбековдун арызын Судьялар кеңеши карап, канааттандырган. Кечээ, 10-октябрда парламент анын кызматтан кетүү чечимин колдогон.

Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасына 5 жылдык мөөнөткө дайындалган. Ага чейин Жогорку соттун судьясы кызматын ээлеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: