super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы кабарлады.

Ага ылайык, өлкө башчысы Ашхабадда түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.

Маалыматта Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына кеткени белгиленет.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;

- Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азизбек Мадмаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: