super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Эмомали Рахмон менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин делегация башчылары катышты.

Тараптар тарыхый байланышы терең элдердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын чыңдоодогу парламенттердин ролу тууралуу сүйлөшүп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, Шакиев Дүйшөмбү шаарына Тажикстандын баш мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышуу үчүн барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: