super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун учагы Ашхабад шаарына конду

 

Бүгүн, 11-октябрда президент Садыр Жапаров Ашхабад шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов тосуп алды.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: