super.kg logo
  Саясат  

Жапаров жана Текебаев Мюнхенде Марк Венчик менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхенге болгон иш сапарынын алкагында “АКА-Банктын” башкаруучу директору Марк Венчик менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын июнь айында Франкфурт-на-Майне шаарында “АКА-Банктын” көмөгү менен өткөн кыргыз-герман бизнес-форумунун алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Жапаров өлкө жетекчилигинин жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жигердүү аракеттерин белгиледи.

Венчик өз кезегинде Кыргызстан менен “АКА-Банктын” ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн айтып, банк өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жана долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Тараптар келечекте ишке ашыруу үчүн өз ара пайдалуу долбоорлорду, ошондой эле каржылоонун ылайыктуу моделдерин биргелешип издөөнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: