super.kg logo

Кара-Сууда тергөөчүгө он миң доллар пара берип жаткан айыл башчы кармалды

 

Кара-Сууда тергөөчүгө он миң доллар пара катары сунуштаган айыл башчы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү 5 тургун жасалма документтердин негизинде ар бири 0,5 гектар жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүнүн жүрүшүндө Датка айыл аймагында жайгашкан айылдардын биринде айыл башчы болуп эмгектенген 1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу РИИБинин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара катары сунуштаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. 10-октябр айыл башчы С.Б. тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң долларды пара катары берип жаткан учурда шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: