super.kg logo
  Саясат  

Депутат Таштанбеков өлүкканадан сөөк жоголуп, туугандары таппай жатканын айтып чыкты

 

Жалал-Абаддын тургуну инисинин сөөгүн моргдон таппай калган. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” парламенттик фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Эл өкүлү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге суроо узатып, ага кайрылган аял Кант шаарында жашарын айтты, бирок кеп кайсы өлүккана жөнүндө болуп жатканын тактаган жок.

"Сөөк союлуп, бирок бир суткадан кийин дайынсыз жоголуп кеткен. Ошол жөнүндө уктуңузбу? Сизге кайрылып жатканымдын себеби, 2003-жылы ушундай эле маселе болуп, анда 5-6 сөөк сатылып кеткен экен", - деди Таштанбеков.

Бейшеналиев мындан кабары жоктугун айтып, бүгүн эле соттук-медициналык экспертизадан билип, депутатка түштөн кийин маалымат берерин убадалады.

Таштанбеков маркум Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Серафимовка айылына көмүлгөн болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Бүгүн экспертизага барам, жок дегенде мүрзөсүн көрсөтүп берсин. Эми болор иш болду. Эгер көмүлгөн болсо, эстелик тургузуп бергенге жардам берем, куран окуп коёлу”, - деди эл өкүлү.






Жогорку Кеңеш 11.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: