super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Туманбаев: "Фламинго" сейил багынын аймагына ШКУ саммити өтө турган конгресс-холл курулат"

 

Бишкектеги “Фламинго” паркынын аймагына 2026-жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары жолугуша турган конгресс-холл куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

“Фламинго” оюн-зоок паркы шаардын түштүк тарабындагы жаңы курулган “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын жанында жайгашкан. Учурда парктын жер тилкеси Президенттин иш башкармасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 1997-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагы менен “Борбор Азия корпорациясы” ЖЧКсынын ортосунда 93 жылдык ижара келишими түзүлгөн. Бирок жеке компания өз милдеттерин аткарбай, парктын аймагын ижарага берген.

Ушу тапта Президенттин иш башкармасынын алдында комиссия түзүлдү. Алар мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгат.

"Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Ынтымак Ордо” резиденциясынын жанында имараттарды курууга жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. “Фламинго” паркынын ордуна Президенттин иш башкармасы 2026-жылы 18 мамлекеттин башчылары катыша турган ШКУнун кезектеги саммитин утурлай конгресс-холлду курууну пландоодо", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Туманбаев Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин конгресс-холлдун курулушу келерки жылдын жаз айларында башталарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: