super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Кара-Сууда селден жабыркаган 2 тургунга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды

 

Бүгүн, 11-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылындагы 2 тургунга жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.

Ага ылайык, жалгыз бой эне, 4 баланын апасы Айзат Акбаева жана айылдын дагы бир тургуну Салмоорбек Утуровдорго Таймурас Ташиев өз каражатынан жаңы турак үйлөрдү куруп берерин айтып, курулуш иштери мындан эки ай мурда башталган.

Камчыбек Ташиев алгач Айзат Акбаевага жана Мады айылынын тургуну Салмоорбек Утуровго айылдыктардын катышуусунда жаңы турак үйдүн ачкычын тапшырды.

"Элибиздин башына кандай гана көйгөйлөр келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызды берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүккө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Таймурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын", - деди УКМК төрагасы.

Белгилей кетсек, эки турак жай тең жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. 5 бөлмөлүү үйлөр кыска убакытта, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен курулган.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында аталган аймакта сел жүрүп, турак жайларды жараксыз абалга келтирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: