super.kg logo

Салык кызматы прокуратурага декларациялар боюнча 12 миңден ашык материалдарды тапшырды

 

Мамлекеттик салык кызматы прокуратура органдарына 5 миң 138 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, 2023-жылга карата салык декларациясын тапшырбагандардын жана мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин тапшырган 775 декларанттын тизмесин жөнөттү. Бул туурасында бүгүн, аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Алсак, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 миң 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызмат орундарын ээлеген жактардын 1416 декларациясы талданган.

"Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча, дагы 6272 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларында айырмачылыктар табылган. Салык мыйзамдарына ылайык, аныкталган дал келбестиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди", - деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктаган, ал эми такталган декларацияны 30-июнга чейин тапшырууга укуктуу болушкан. Ал эми 1-июлдан тартып декларант тарабынан салык декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын талдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: