super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ашимова Дүйшөмбүдөгү конференцияда Кыргызстандагы аялдардын коомдогу жана саясаттагы ордун белгиледи

 

Бүгүн, 11-октябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын конституциясынын 30 жылдыгына карата уюштурулган парламенттер аралык конференция болуп өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова “Конституция жана аялдардын укуктары менен эркиндиктери” аталышындагы баяндамасында укук үстөмдүгү орногон, өнүккөн коомду куруудагы аялдардын ролу тууралуу баяндама жасагандыгын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, эл өкүлү Кыргызстандын аталган багыттагы тажрыйбаларына токтолду.

“Калкыбыздын 50,5%ын аялдар түзөт. Андыктан биз аялдарды саясий иштерге, экономика тармагына жана башка коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө катыштырууга аракет кылып келебиз. Баш мыйзамыбызда гендердик теңчилик кепилденген жана бардык жарандар үчүн бирдей укуктарды бекиткен негизги жоболор камтылган”, - деп белгиледи Ашимова.

Ошондой эле депутат айым Кыргызстанда 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы иштелип чыкканын маалымдап, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик дискриминациядан коргоо жана чечимдерди кабыл алууга бирдей катышууну камсыздоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар камтылганын кошумчалады.

Мындан тышкары аялдарды колдоого багытталган “Социалдык келишим” долбоору да ишке ашырылып жатканын айткан Динара Ашимова ага катышкандардын 95,6%ы ишкердик кылуу менен жашоосун жакшыртууга умтулган элет жериндеги кыз-келиндер экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан эл аралык конференцияга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Иран жана Пакистан мамлекеттеринин парламенттеринин депутаттары катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: