super.kg logo
  Саясат  

"Бейтаптарды айлап күттүрөт". Депутат Мамашова министрди Онкология борборунун директоруна чара көрүүгө чакырды

 

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” парламенттик фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчисин сынга алды.

Эл өкүлү Бактыгүл Султангазиеваны жеке менчик клиникасы менен алек болуп жүрөт деп айыптап, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди көзөмөлгө алууга чакырды.

"Өзүнүн ишин тиешелүү деңгээлде аткара албай жатат. Онкология борборуна өтө көп нааразычылыктар болууда. Онкологиялык оорулар менен ооруган жарандарыбызга шарт түзүп бере албай жатабыз. Мүмкүнчүлүгү бар жарандар гана чет өлкөгө чыгып дарыланып келишүүдө.

Онкология борборунун директору өз билгенин жасап, эч нерсе кылбай жүрөт. Түнү менен менчик клиникага барып операция жасайт деп айтышууда. Ал түнү менен уктабай күндүз жумушка келсе, кантип иштейт? Уйкусу келип жатса эмне жумуш аткарат? Андай адам эч нерсени өзгөртпөйт. Өзүнүн жеке клиникасын ойлоп эле тегеренип жүрөт. Бейтаптарды муктаж кылып, "менин клиникама барсаң дароо операция кылам, а бул жактан айлап күтөсүң" деп. Онкология менен ооруган адам күтө албайт андайды, ар бир күн эсепте да. Алымкадыр Сабирдинович, аны эмнеге эркелетип алдыңыз билбейм, катуу көзөмөлгө албасаңыз болбой калды", - деди Мамашова.

Ошондой эле ал онкология менен ооруган жарандарга дарыланууга шарт түзүү, аймактагы бейтапканаларды оңдоо жана тиешелүү медициналык жабдыктар менен камсыздоо көйгөйлөрүн көтөрдү.






Жогорку Кеңеш 11.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: