super.kg logo

"Ош базарында" күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз саткандар текшерүүчүлөргө кол салгандыгы айтылды

 

"Ош базарында" күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул туурасында бүгүн, 11-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, кечээ, 10-октябрда Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери Ленин райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте дарыкана наркоманиясын алдын алуу максатында рейд жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө «Ош базарынын» жана «Берекет-Универсал» ЖАКынын аймагында жеке жактар тарабынан лицензиясыз ишкердик жүргүзүү жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

"Мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан ишкерлердин бири бычак менен департаменттин кызматкерлерине кол салган. Аларга карата арыз жазылган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: