super.kg logo
  Саясат  

БУУ Борбордук Азиядагы үч өлкөнүн үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу жөнүндө резолюциясын колдоду

 

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин 57-сессиясынын алкагында, тийиштүү мүчө мамлекеттер үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуга багытталган резолюцияны бир добуштан кабыл алышты. Бул туурасында бүгүн, 11-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан иштелип чыккан демилге кеңештин бардык мүчө өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуп, аталган теманын эл аралык аренада маанилүүлүгү жана актуалдуулугу баса белгиленди.

Кыргызстандын делегациясы өз сөзүндө резолюциянын негизги максаты үй-бүлөдөгү зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга жана жоюуга багытталган дүйнөлүк стандарттарды калыптандыруу экендигин белгиледи.

Белгиленгендей, үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн чечүүгө багытталган резолюция БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин тарыхында биринчи жолу талкууланды ошондой эле бардык мүчө мамлекеттер тарабынан таанылып жана колдоого алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: