super.kg logo

Чуй милициясы мейитканада жоголгон жансыз дене боюнча кылмыш ишин 2 айдан кийин козгоду

 

Чүй облустук милициясы Канттагы мейитканада жоголгон жансыз дене боюнча 3 айдан кийин кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында облустук милиция кызматы кабарлады.

Айта кетсек,кечээ, 11-октябрда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу жана “Альянс” парламенттик фракциясынын биргелешкен жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Жалал-Абаддын тургуну инисинин сөөгүн моргдон таппай калгандыгын айткан.

Чүй обустук милициясына 9-августта өлүкканадан жансыз дене жоголгону боюнча Ысык-Ата районунун соттук-медициналык эксперти Ш.К. атту жаран кайрылган. Анын негизинде 8-октябрда "Кызматтык абалынан кыянтаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иши боюнча Ысык-Ата райондук сотуна эксгумация жүргүзүү өтүнүчү менен арыз берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш жасаган адамдардын аракетине юридикалык баа берилип, иш боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык процессуалдык чечим чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: