super.kg logo

Казакстанда топ эркектер өлтүрүп кеткен 16 жаштагы өспүрүмдүн үйүн өрттөп кетишти (видео)

 

Казакстанда топ эркектер өлтүрүп кеткен Шерзат Болоттун үйү өрттөнүп кетти. Бул туурасында анын жакындары социалдык баракчага видео жүктөшкөн.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Талгарда каза болгон 16 жаштагы өспүрүмдүн үй-бүлөсү жашаган турак-жайга байланыштуу казак басылмаларына комментарий берди.

"12-октябрда саат 00:50дө Алматы облусунун Эмгекчил казак районун Азат айылында турак жай өрттөнгөн. Окуя болгон жерге тез арада Алматы облусунун 10 кызматкери жана үч бирдик авариялык-куткаруу техникасы жөнөтүлгөн. Саат 01:08де биринчи өрт өчүрүү бөлүмү барганда турак үйдүн чатыры күйүп жатканы аныкталган. Үй толугу менен күйүп кеткен.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында өрт саат 01:43тө өчүрүлгөн. Кыйроолор жана жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Башкармалык өрттүн себебин аныктоо үчүн жеринде Алматы облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 13 адамдан турган топ ичимдик үчүн Талгарлык Шерзат Болотту сабап кеткен. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.






Казакстанда аза болгон Шерзаттын үйү өрттөлдү

Казакстанда аза болгон Шерзаттын үйү өрттөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: