super.kg logo

Флоридадагы бороондон кийинки чыгымдын баасы 50 миллиард долларды түздү

 

АКШнын президенти Жо Байден "Милтон" бороонун зыяны 50 миллиард доллар экендигин билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Ак үй Байден жекшемби күнү Флоридадагы бороондон жабыркаган аймактарды кыдыра турганын билдирди.

Флориданын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, учурда сел сууларынан, урандылардан жана башка аймактардан 1600дөн ашуун адам куткарылган.

Флориданын 2,2 миллиондон ашуун жашоочусу дагы эле электр жарыгысыз калууда.

Флоридадагы май куюучу жайлардын 29 пайызында күйүүчү май жок экендиги айтылууда. Ал эми Тампа менен Санкт-Петербург шаарларында 73 пайызды түздү.

Штаттын расмий өкүлдөрү, Флориданын Улуттук гвардиясынын 9 миң аскери издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп, гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгын айтышты.

Милтондо каза болгондордун саны өсүүдө. Ал эми Сарасота-Брадентон эл аралык аэропорту жабык боюнча калууда.

Белгилей кетсек, АКШнын Флорида штатында 9-октябрда катталган Милтон бороонунан 100дөн ашуун үй кыйраган. Бороон келгенге чейин Флорида бийлиги 5,5 миллион адамды эвакуациялоого чакырып, жарандар коопсуз аймакка 7-октябрдан баштап кете баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: