super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеге жаңы унаалардын ачкычын тапшырды

 

Бүгүн, 12-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомуна барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алгач Акылбек Жапаровго 2023-2025-жылдарга карата “РПО РМТР” ААКны өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Өз сөзүндө төрага РПО РМТРдин жаңы теле көрсөтүү өткөргүчү жана жаңы санарип компрессиялык техникалуу болушу менен куттуктап, бул модернизацияланууга карай олуттуу кадам экенин белгиледи.

“Сиздердин ишкана жөн гана технологиялык база эмес, бул өз ишин кесипкөйлүк жана берилгендик менен аткарып, республика боюнча сапаттуу уктурууну камсыз кылган адамдардын жамааты. Кыргызстандын эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында да теле жана радиосигналдарды таркатып жатасыздар. Тарыхка кайрылсак, 75 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын радиорелейлик байланыш тармагында пионер болуп, телерадиоберүүлөрдү камсыз кылган сиздердин коллектив болгон. Сиздердин тынымсыз өнүгүүгө жана өркүндөтүүгө болгон ниетиңиздер бүткүл тарыхта – аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүүдөн баштап заманбап технологияларды киргизүүгө чейин көрүнүп турат”, — деди Жапаров.

Акылбек Жапаров ишкана кызматкерлеринин Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигин чыңдоого кошкон салымын жогору бааларын айтып, РПО РМТРдин жамаатына жаңы кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, “РПО РМТР” ААК өзгөчө статустагы стратегиялык объект — эл аралык телефон сигналдарын күнү-түнү берүүнү, интернет жана башка массалык маалымат каражаттарынын кызматтарын, өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: