super.kg logo

Грозныйдагы май куюучу жайдагы жарылуу төрт адамдын өмүрүн алды (видео) 

 

Чеченстандын борбор шаарындагы май куюучу жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болду, алардын экөө жаш балдар. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдаганын орус басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, өрттөн жалпы 5 адам жаракат алган. Аларга тез жардам кызматы жеринде жардам берген.

ӨКМ кошумчалагандай, өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.Тилсиз жоо 900 чарчы метр жер аянтты жалмап кеткен.

Өлкө башчысы Рамзан Кадыров ага байланыштуу козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алып, Грозныйдагы жардыруунун күнөөкөрлөрү мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, борбор калаанын ортосунда жайгашкан май куюучу жайдын кампасында өрт чыгып, анын кесепетинен күйүүчү май куюулган резервуарлар жарылган. Алардын бири көп кабаттуу үйдү көздөй учуп барып, унааны басып кеткен. Бирок үй жабыркаган эмес.






Грозныйдагы өрт.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: