super.kg logo

Белгилүү блогер Михаил Литвин кармалды

 

Белгилүү орус блогери Михаил Литвин футбол беттешинен кийин күйөрманга кол салып, полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу MASH телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Медиалиганын алкагында өткөн "Lit energy" жана "СКА Ростов" оюнунан кийин Литвин "СКА Ростов" командасынын күйөрманын жаакка чаап жиберген. Мындан улам массалык жаңжал болуп, аны укук коргоо органдары токтоткон.

Литвинди күйөрман жаман сөздөр менен сөккөндөн кийин жаңжал чыкканы белгилүү болду.

Учурда блогер жана "СКА Ростов" клубунун күйөрманы полиция бөлүмүндө. Блогер 15 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: