Рамзан Кадыров Грозныйдагы өлүм менен коштолгон жарылуу боюнча билдирүү жасады
Грозныйдагы 4 адамдын өмүрүн алган май куюучу станциядагы трагедияга күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланат. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн тelegram-каналында билдирди.
Ал кырдаал жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
"Кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Окуянын бардык жагдайлары такталууда. Окуяга күнөөлүүлөрдүн баары эч кандай шексиз мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", — деп жазды ал.
Бүгүн, 12-октябрда Грозный шаарында май куючу жайдан өрт чыгып, анын кесепетинен жанындагы колледжде катуу жарылуу болгон. Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылуудан төрт адам каза болгонун, анын экөө жаш балдар экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.