super.kg logo

Дмитрий Бивол оор беттеште Артур Бетербиевге жеңилип калды

 

Орусиялык мушкер Артур Бетербиев жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн беттеште мекендеши Дмитрий Биволду жеңип алды. Күрөш 12 раундга созулуп, анын жыйынтыгында калыстар Артурга жеңишти берди. Бул туурасында чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, 33 жаштагы Бивол үчүн бул жеңилүү профессионалдык карьерасында биринчи болду. Буга чейин ал 23 беттештин баарын жеңиш менен жыйынтыктап келген.

Ал эми 39 жаштагы Бетербиев 21-жеңишин Биволдун колунан сууруп кетти.

Беттеш Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы "Kingdom" спорт комплексинде өттү.

Айта кетсек, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да бул беттешке катышкан. Ал Бетербиевди колдоо иретинде барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: