super.kg logo
  Спорт  

Колдооңорду сезип жаттым... Бивол беттештен кийин күйөрмандарына кайрылды (видео)

 

Сауд Арабиясында 13-октябрга караган түнү “Жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону” наамы үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартып калган мушкер Дмитрий Бивол мелдештен кийин кайрылуу жасады.

Мушкер ар бир күйөрманынын колдоосун сезип жаткандыгын айтып, алдыга гана жылуу керек экендигин белгиледи.

“Жалпы мага жан үрөп, колдоого алган күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Ар бириңиздердин колдооңуздарды сезип, билип жаттым. Колдо бар нерсени кабыл алып, алдыга гана жылабыз”, - деди мушкер.

Белгилей кетсек, Орусиялык мушкерлер Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттеши Эр-Рияд шаарында уюштурулду. Анда жеңиш курусу калыстардын чечими менен Бетербиевге берилген.






Дмитрий Биволдун кайрылуусу.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: