super.kg logo
  Саясат  

Оштогу "Жеткинчек" лагерин толук оңдоо иштери УКМКнын шаардагы башкармалыгына бекитилди

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан "Жеткинчек" балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна барды. Бул туурасында аныны жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин бул мекеме профсоюздар уюмунун балансында болуп, эскилиги жетип, дээрлик жараксыз абалга келген. Лагерь 1978-жылы пайдаланууга берилип, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Балдарды да жетиштүү эс алдырууга шарттары келбей калган. Эми бул лагерь УКМКнын Ош Башкы башкармалыгынын балансына өткөрүлдү.

Камчыбек Ташиев тез арада бул мекемени "балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна" айлантууну, заманбап шарттарды түзүүнү жана толугу менен жаңылоону тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Алдыда мекеме жаңы жатакана, балдар ойноочу спорт аянтчалары, бассейн, чоңдор үчүн да ден соолукту чыңдоо комплекси ж.б. зарыл шарттар түзүлөт. Келээрки жылы жаңылоо иштери аяктап, пайдаланууга бериле тургандыгы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: