Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди
Бүгүн, 13-октябрда саат 8:25де Кыргызстандын түштүк аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 баллга, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.