Бишкетеги футбол боюнча Кыргызстан-Түндүк Корея беттешин Сауд Арабиясынын калыстар тобу тейлейт
Сауд Арабиясынын калыстар тобу Бишкекте боло турчу футбол боюнча Кыргызстан - Түндүк Корея курама командаларынын беттешин тейлейт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, ФИФА калысы Мухаммед Аль Ноиш бригаданы жетектесе, ага сызыктарда Халаф Альшамари жана Ясир Альсултан жардам беришет. Ал эми Шукри Альхунфуш резервдик арбитр болуп дайындалган.
Мындан тышкары, VAR-системасында Абдулла Альшехри иштеп, ага Ибрагим Альдакхил жардам бере тургандыгы маалыматта белгиленген.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 15-октябрь саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Түндүк Кореяны курамасын кабыл алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.