super.kg logo

Эки айлык баласын карга ыргыткан блогерге издөө жарыяланды

 

Эки айлык баласын кар күрткүсүнө ыргыткан орус блогери Сергей Косенкого эки кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

2024-жылдын башында Сергей Косенко эки айлык ымыркайды кар күрткүсүнө ыргытып жиберген видеосун интернетке жарыялаган. Видео Франциянын тоолуу Куршевель шаарында эс алуу учурунда тартылган. Кийинчерээк блогер муну менен эң популярдуу видео тарткысы келгенин айтып, кечирим сураган.

Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 156 жана 111-беренелери («Жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» жана «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү аракети») боюнча кылмыш иштери козголгон.

Учурда блогер издөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: