super.kg logo
  Саясат  

Шакиевдин нан ооз тийгенин Акаев сүрөткө тартып... Төраганы Түркмөнстанда кандай тосуп алышты? (Сүрөт)

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстанга расмий сапар менен барды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төраганы Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорттон Түркмөнстандын Межлисинин төрагасынын орун басары Гахрыман Розыев баштаган жетекчилер тосуп алды.

Алгач Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышат. 5+1 форматында уюштурулган мындай форум былтыр биринчи жолу Түштүк Кореяда өткөн.

Ашхабаддагы кезектеги жолугушуу расмий сапар менен уланып, төрага бир катар жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер да каралары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Данияр Төлөнөв, Жанар Акаев, Руслан Жакышов жана Жалолидин Нурбаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: