super.kg logo
  Саясат  

"Акча адам өмүрүнөн кымбат десеңер, макул!" Ысык-Көлдө гидроцикл айдоого тыюу салуу мыйзамы талаш жаратты 

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроцикл) пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Элдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев демилгелеген.

Демилгечилердин бири Элдар Сулайманов мыйзам долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.

Талкууда депутат Жаныбек Кыдыкбаев бул тармакта иштеген жергиликтүү тургундардын жумушсуз каларын эске алып, мыйзам долбоорундагы тыюу салууларга каршылыгын билдирди. Ал бул багытта суу мотоциклдерин колдонуу эрежелерин жеткиликтүү иштеп чыгуу сунушун берди.

Ага Сулайманов гидроциклдер катышкан кырсыктардан адам өмүрү кыйылып жатканын кайталап, анын экологияга зыян экенин да кошумчалады.

"Эгерде силер акча адам өмүрүнөн кымбат десеңер, анда макул. Силер каршы добуш бере бергиле!" - деп ачууланды Сулайманов.

Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев туристтердин эс алуусун эске алып, суу мотоциклдерин коомдук пляждардан жана пансионаттардан башка аймактарда колдонууга уруксат берүү сунушун айтты. Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков мыйзам долбоору аркылуу айрым тиешелүү кызматтарга скутер колдонууга уруксат берүү, айып пул салуу механизмдерин иштеп чыгуу жагдайларын белгиледи. Эл өкүлү Султанбай Айжигитов бул багытта көйгөй бардыгын эске алып, мыйзам долбооруна карата тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин пикирлерин сурады.

Талаш-талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: