super.kg logo

Beeline SkySOC жана "Солар" Кыргызстанда киберокуу өткөрүштү

 

Кыргызстанда биринчи жолу «Солар» компаниялар тобунун колдоосу менен Beeline SkySOC тарабынан уюштурулган масштабдуу киберокуу өткөрүлдү. Beeline Security Capture the Flag деп аталган иш-чара чоң кызыгууну жаратты – катышуу үчүн каралган 200 орундун баары тең эң кыска мөөнөттө толду.

Кибер машыгуунун максаты - катышуучулардын маалыматтык коопсуздук боюнча кабардар болуусун жогорулатуу жана бул маанилүү чөйрөгө кеңири аудиториянын көңүлүн буруу. 24 сааттын ичинде катышуучулар маалыматтык коопсуздук жана киберчабуулдар менен байланышкан реалдуу көйгөйлөрдү чечишти.

Beeline Security Capture the Flag программасынын жеңүүчүлөрү:

  • Момунов Кадырмамат — биринчи орун;
  • Игольницын Арсений — экинчи орун;
  • Мамырбаев Нурлан — үчүнчү орун.

Мындай масштабдагы киберокуулар Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканын жана көбүнүн мындай мелдештерге катышуу тажрыйбасы жок экенин эске алып, иш-чаранын өнөктөшү Axoft кошумча эки катышуучуну бөлүп көрсөтүүнү чечти. Жеңишке болгон эрки үчүн атайын сыйлыктар Тухтасинов Абдулбоситке жана Умаров Айдилге берилди.

Мындан тышкары, кээ бир катышуучулар өзгөчө жетишкендиктери үчүн SkySOC сыйлыктарын алышты:

  • Алимжанов Азамат — студенттерди бириктиргени үчүн;
  • Кубанычбек уулу Алиаскар — активдүү катышкандыгы үчүн;
  • Жумабек кызы Мадина — кыздар арасында жогорку упай топтогон эң мыкты катышуучу катары.

— Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга аракетчилдиги жана жеңишке болгон каалоолору үчүн ыраазычылык билдиребиз! — дейт Beeline Кыргызстандын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Борис Кочерижкин. — Бул биздин экинчи иш-чарабыз жана биз Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту илгерилетүү жана чыңдоо боюнча ишти улантууну көздөп жатабыз. Жакынкы келечекте компания киберкоопсуздук боюнча профессионалдык курстарды ачууну пландаштырууда, алар башталгычтарга да, тажрыйбалуу адистерге да жеткиликтүү болот. Бул тууралуу кийинчерээк сөзсүз билдиребиз.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: