super.kg logo
  Саясат  

Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Түштүк Кореянын парламент жетекчилеринин II жолугушуусуна катышты

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Түштүк Кореянын парламенттеринин жетекчилеринин II жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Борбор Азиядагы мамлекеттер менен Түштүк Кореянын байланышын бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер талкууланып, кызматташтыкты арттыруудагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду.

Жыйында сөз сүйлөгөн Шакиев кезектеги жолугушуу “Тынчтык, бакубатчылык жана өз ара ишеним үчүн өнөктөштүк” аталышында өтүп жатканы чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Кыргызстан 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөп жатканын айтты.

“Кыргызстан тоолуу өлкө, жерибиздин 90 пайызын тоолор ээлейт. Буга байланыштуу биздин демилгебиз менен БУУнун башкы ассамблеясы 2023-2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялаган. Ошондой эле 2027-жылы "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз. Андыктан аталган эл аралык иш-чарага активдүү катышууга чакырам”, – деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: