super.kg logo

Бишкекте 19 жана 25 жаштагы "закладчиктер" кармалды

 

Бишкекте синтетикалык баңгизатты таркатуучу жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда ири өлчөмдөгү синтетикалык заттардын кыстырмаларын жасап, андан ары таратууну көздөп жаткан 2005-жылы туулган Ф.И. жана 1999-жылы туулган Б.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган жарандар мурда психотроптук заттарды алган жерин жана координаттарын көрсөтүп, ошондой эле психотроптук заттарды мыйзамсыз таркатуучулар (закладчик) экенин айтышкан. Алар адегенде белгисиз адам (куратор) менен жазышып, баңгизаттарды ири өлчөмдө алып, андан кийин пакеттерге салып, дозалап сатуу максатында Бишкек шаарынын аймагында кыстырмаларга катып коюшкан.

Шектүүлөр Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: