super.kg logo

Иранда 48 адам жасалма спирт ичимдигине ууланып каза болду

 

Иранда 48 адам метил спирти бар жасалма алкоголдон ууланып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мазендеран, Гилян, Хамадан жана Зенджан провинцияларында жүздөгөн адамдар уулануу менен ооруканага жаткырылганы белгиленди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Мазендеранда 21, Гилянда 15, Хамаданда 11 жана Зенджанда бир адам каза болгон. Ал эми жабыркагандардын айрымдарынын көзү көрбөй калган.

Жергиликтүү бийлик жасалма спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу менен алектенген бир нече адамды кармады. Көрүлгөн чараларга карабастан, кырсыктын масштабы абдан чоң болуп чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: