Сот атактуу блогер Михаил Литвинге карата чечим чыгарды
"Lit Energy" медиа клубунун негиздөөчүсү, белгилүү орус блогери Михаил Литвин Медиа Лига оюнунда күйөрманга кол салганы үчүн 13 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Матч ТВ телеканалы билдирди.
12-октябрда "СКА-Ростов" менен "Lit Energy" командаларынын беттеши учурунда Литвин "СКА Ростов" клубунун күйөрманын жаакка чаап жиберген. Бул окуядан кийин эле блогер полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Соттун жүрүшүндө Литвин күнөөсүн моюнуна алып, өкүнүп жатканын айткан. Ал буга чейин дагы майда бейбаштык боюнча айыпталып, айып пул алган.
"Туура ойлор болгон окуядан кийин келет. Эгерде мен артка бара турган болсом, анда мындай кылмак эмесмин. Күнөөмдү моюнума алам", - деген Литвин сотто.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.