super.kg logo

Москвага учуп бараткан учактын бортунда массалык мушташ чыгып, учак шашылыш түрдө башка жерге конду

 

Москвага учуп бараткан учак борттогу массалык мушташтан улам багытын кескин өзгөртүп, шашылыш түрдө башка жерге конду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Окуя бүгүн, 14-октябрда Анадырь шаарынан учуп келе жаткан Боинг 777 учагында болгон. Жүргүнчүлөрдүн бири учактын салонунда ызы-чуу салып, жүргүнчүлөрдү кемсинтип, ошондой эле экипаж мүчөлөрүн чыр-чатакка чыгарды.

Стюардессалар жана башка жүргүнчүлөр ызы-чуу чыгарган адамды тынчтандырууну чечишкен, бирок ал авиакомпаниянын кызматкерлеринин бирине кол көтөрүүгө аракет кылган. Натыйжада ызы-чуу мушташка айланып кеткен.

"Учкучтар учууну токтотууну чечип, Красноярскка конууга аргасыз болушкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Конгондон кийин жаңжал чыгарган адам полицияга өткөрүлүп берилген. Ал эми калган жүргүнчүлөрдүн арасында эч ким жабыркаган эмес. Бир канча убакыттан кийин учак көздөгөн жерине учуп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: