super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлигиндеги бардык желектер түшүрүлдү. Себеби

 

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин имаратында мекеме жаңы дарекке көчкөнүнө байланыштуу расмий желек түшүрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, саамалыкка тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, министрдин орун басарлары жана министрликтин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Кулубаев министрлик мурдагы даректеги ишин аяктап, ведомствонун тарыхындагы жаңы барагын ачып жатканын белгилеп, кызматкерлерди жаңы имаратта эл аралык кызматташтыкты жана өлкөнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүү максатында чын ыклас жана жаңы дем менен иштөөгө чакырды.

Министрликтин желектери ТИМдин жаңы Абдумомунов көчөсү, 207 дарегиндеги (мурдагы өкмөт үйү) имаратында көтөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: