super.kg logo
  Саясат  

Шакиев Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы менен баарлашты

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ашхабад шаарында өтүп жаткан 5+1 форматындагы жолугушуунун алкагында Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ву Воон-шик менен баарлашты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын учурдагы абалы тууралуу сөз кылып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча да ой бөлүштү.

Шакиев Кыргызстан Түштүк Корея менен калыптанган алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Ву Воон-шик эки өлкө бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташып келе жатканын эске салып, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор арбын экенине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: