super.kg logo

Бишкекте ишкерди ээн талаага алып чыгып опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Бишкекте ишкерди уурдап, унаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен унаага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кеткендиги тууралуу маалымат келген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, калаанын борборундагы көчөлөрдүн биринен 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Кийинчерээк аныкталгандай, алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып сабап, 25 миң долларын жана унаасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн.

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат", - деп айтылат маалыматта.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: