super.kg logo

Экономика боюнча "Нобель" сыйлыгынын ээлери белгилүү болду

 

Быйылкы жылы экономика боюнча "Нобель" сыйлыгы америкалык окумуштуулар Дарон Аджемоглу, Саймон Джонсон жана Джеймс Робинсонго ыйгарылды. Бул тууралуу аталган сыйлыктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, сыйлык аларга “институттардын калыптануу процесстерин жана алардын экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө тийгизген таасирин изилдөөлөрү” үчүн берилди.

Белгилей кетсек, былтыркы жылы бул сыйлык америкалык экономист Клаудия Голдинге эмгек рыногундагы аялдардын абалы боюнча изилдөөсү үчүн ыйгарылган.

"Нобель" сыйлыгы – илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: